www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ШТАБ: 12-сентябрга карата коронавирус боюнча жалпы маалымат

Кыргызстанда 12-сентябрга карата коронавирус дагы 67 кишиден, 3 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Каза болгондор жок. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы катталган 67 адамдын көбү Бишкек шаарында – 20 адам. Жалал-Абадда 14, Ош облусунда он, Баткенде тогуз, Ысык-Көлдө жети, Чүйдө жана Нарында үчтөн, Таласта бир адамдан вирус табылды.

Ал эми 3 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Алардын бири Талас облусунда, экөө Жалал-Абад облусунда эмгектенет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бир суткада 4 медкызматкер ооруканадан, 8 медициналык кызматкер үй карантинден чыгарылды.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19 диагнозу жалпы 3166 медицина кызматкеринен аныкталган. Алардын ичинен 2669 адам айыкты.

 12-сентябрга карата коронавирус жана пневмониядан дагы 148 адам айыгып чыкты.

Алар:

  • - Бишкек шаарында 77 адам;
  • - Ош шаарында 1 адам;
  • - Чүй облусунда 1 адам;
  • - Ош облусунда 7 адам;
  • - Нарын облусунда 2 адам;
  • - Талас облусунда 2 адам;
  • - Ысык-Көл облусунда 18 адам;
  • - Жалал-Абад облусунда 22 адам;
  • - Баткен облусунда 18 адам;

Республикалык штабдын  маалыматы боюнча, өлкө аймагында жалпы 40 миң 779 адам COVID-19 вирусунан айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости