www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Коронавирус менен ооруп атсак, үйүңөргө кеткиле деп оорукандан кетирүүгө аркет жасап атышат". Токтогул районунун аймактык ооруканасынын дарыгерлери ковид-19 менен күрөшүүдө эч кандай шарттар түзүлбөгөнүн айтып президентке кайрылуу жасашты.
“Урматтуу президент, урматтуу министр, Саламатык сактоо министри биз сизге ушул видеокайрылууну жөнөтүүнү чечтик. Биз Токтогул районунун аймактык ооруканасынын дарыгерлери ковид-19 инфекциясын кабыл алып иштедик. Вирус жуктургандарды биздин оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып келип жаткырып коюшту. Эч кандай шарттар каралган эмес. Ошол себептүү 6 медкызматкерге коронавирус жугуп калды. Токтогулдук админстрациянын уюштурган ишинин айынан баарыбыз ооруп атабыз. “Өзүңөрдүн шалаакылгыңардан жукту” – деп кайра келип күнөөнү бизге коюшууда”.
Дарыгерлер мындай оор кырдаалда өмүрүн бергенге да даяр экенин айтып, болгону жакшы сөз, жакшы колдоо керек дешет.
“Администрациядан башкы врач ж.б келип бизге жакшы сөз эмес, күнүгө кектип кетишет. Азыркы тапта коронавирус менен ооруп жатабыз. Бизди үйүңөргө кеткелие деп мажбурлап жатышат. Ооруп атып үйгө кантип барабыз. Үйдө балдарыбыз бар”.
Алардын айтымында, Токтогул районунун акими тажы илдети менен күрөшүүдө канааттандырарлык иш алып барбай жатат.
“Токтогул райондук оорукананын башкы дарыгерине, санэпидемстанцияга текшерүү жүргүзүшүңөрдү жана алардын үстүнөн мыйзамдуу чара көрүшүңөрдү талап кылабыз”. деп видеокайрылуу жасаган аталган аймактын ооруканасынын дарыгерлери.
Булак: NazarNews.kg