www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жана Чүй облусунда бейтаптар үчүн орундарды көбөйтүү иштери улантылууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов тиешелүү пункттарды көбөйтүү жана уюштуруу иштерин ыкчам тартипте жүргүзүүнү тапшырды. 

Өкмөт башчы бардык медицина кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоону туруктуу көзөмөлгө алуу зарылдыгын баса көрсөттү. 

«Кыргызстандын бардык аймактарындагы медкызматкерлерибиз эч нерседен кем болбошу керек, алар бардык зарыл нерселер - жеке коргонуучу каражаттар, туура тамактануу, тийиштүү жашаган жери менен камсыздалууга тийиш. Бул маселе дайыма көзөмөлдө болсун. Медициналык мекемеге бекитилген кураторлор керек болсо күнү-түнү туруп, дарылоого муктаж жарандарды ооруканага  жаткырасыңар! Адамдар ооруканага бир нече жолу кайрылып, аны эч жерде кабыл албай койгон учурлар болбосун. Орундарды оптималдаштырып, кошумча керебеттерди койгула. Бейтаптар үчүн кошумча орундарды даярдоо, тиешелүү бөлүмдөрдү уюштуруу жана зарыл жабдуулар менен камсыз кылууну уланткыла», - деди Кубатбек Боронов. 

Премьер-министр Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жана Саламаттык сактоо министирлигинин жетекчилигин сынга алды.   

«Ооруканаларда орундарды каттоо боюнча электрондук система эмне үчүн азыркыга чейин даяр эмес? Маалыматтык система кыска мөөнөттө киргизилип, иштеп баштасын. Эмне үчүн Бишкектеги медицина кызматкерлери ушуга чейин эмгек өргүүсүнөн чакыртыла элек? Бул ишти тездеткиле, эртең алар ишке чыгып, жарандарга тиешелүү жардам көрсөтүп башташсын. Мындан тышкары Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, фельдшердик-акушердик пункттардын ар бир дарыгери кабардар болуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген протокол боюнча дарылоо дайындашсын. Участоктук дарыгерлер калкка оорунун өтүшү, пневмониянын өрчүшүнө жол бербей дарылоо тууралуу маалымдоо иштерин жүргүзүшсүн», - деди Кубатбек Боронов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости