www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровду кепке тартып, айрым маселелер боюнча баарлаштык.

--Абал опурталдуу болуп, күндөн күнгө өлүм көбөйүп, эл алапайын таппай турса, президент шайлоо күнүн жарыялады. Бийликтин эл менен иши жок, эптеп кызматын сактап калуунун аракетин көрүп жатат дегендер да көп. Президент шайлоо күнүн аныктап туура кылдыбы же илдетти эске албай шашылыш чечим кабыл алдыбы?

--Ушул суроонун өзүндө эле айрым дейди саясатчылардын сөздөрүндөй провакациялык ой жатпайбы? Президент шайлоо күнүн аныктабайт. Ал Конституциянын өзүндө аныкталып калган. Президент аны милдеттүү түрдө жарыялоого гана милдеттүү. Ушинтип суроо берип анан ага:  «Президент туура эмес кылды же туура кылды»- деп жооп алып элди экиге бөлөбүз. Өзгөчө абал киргизилген убакта шайлоону өткөрүү же кийинкиге жылдыруу маселеси, өзгөчө мыйзам менен чечилет. Шайлоого чейин тумоонун абалы күч алып кетсе, ошого жараша Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, БШК чечет. Аны убакыт көрсөтөт. Шайлоого чейин убакыт бар. Эгерде президент шайлоо күнүн жарыялабаганда «президент Конституцияны бузду»- деп кыйкыргандар абдан көп болмок.

--Мындай учурда депутаттар каникулга кетпей иштеши керек беле? Аларды да сындагандар чекеден чыгып атат го?...

--Депутаттар каникулга кетпегенде парламентте эмне иш кылат эле? Эгерде өзгөчө абалды киргизүү, шайлоону жылдыруу маселеси пайда болсо чакырылат. Анын жол жобосу да Конституцияда жазылган.

--Боронов “шайлоого деген акчаңарды илдет менен күрөшкөнгө бергиле” - деди. Ошондо илдетти жеңүүгө салым кошкон партия  көбүрөөк мандатка ээ болобу?

--Мен республикалык штабга андан да катуу сунуштарымды ТИМ аркылуу бердим. Арак, ун, акча тараткандан көрө, элдин добушун алам дегендер ушундай оор күндөрү Россиядан, Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн келе алышпай жүргөн мекендештерибизди чартердик рейс менен Кыргызстанга келишине, Кытайдан, Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн дары- дармек, ИВЛ, кычкылтек концентраторлорун, тез жардам, реанимациялык авто техника, медиктерибизге атайын коргоо кийим жабдыктарын жана башка жардамдарды беребиз десе партиялары менен бере берсин. Ага азырынча тыюу салына элек. Шайлоо учурунда тыюу салынат. Депутат түз шайланбайт, партия шайланат! Эл элге реалдуу жардам берген партияларды тандоого укуктуу, эч кандай жардамы жок, өңчөй жамандык, кемчилик издеген партиянын кимге кереги бар? Ал эми бийликтин кемчилигин бетке айткан, мыкты мыйзамдарды жазган депутаттар партиялардын ичинен сөзсүз чыгат. Мисалы, 10 жылдан бери алтын, күмүш депутат катары бийликтин партиясынан түшпөгөн, бирок 10 жылда бир да үнүн чыгарбаган депутаттар бар. Ошолордун экөөнүн акчасына эле бүгүн Өкмөтүбүз, медиктерибиз муктаж болуп турган нерселерди Кытайдан үч-төрт Фура менен Эркечтам же Торугарт аркылуу алдырса болот. Боронов туура айткан, элге ачык айтылбай жана жарыяланбай турган жолдор менен алтын жана күмүш депутаттарды ишке салса болот. Элдин кызыкчылыгы үчүн. Жолдору көп, ошон үчүн айттым да өкмөткө менеджердик касиет да керек деп.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости