www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ооруп калгандыгына байланыштуу сурактарга  убактылуу катыша албайт. Чиновниктин тегерегинде жүргөн адамдардын айтымында, Космосбек Чолпонбаев инфарктка кабылып, Бишкектеги клиникалардын бирине жаткырылган. Ооруканада дарыгерлер ага пневмония диагноз коюшкан.

Эске сала кетсек, буга чейин Финполиция тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги айрым кызмат ээлеринин кээ бир фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, коррупциялык иштерге баруу фактысы аныкталгандыктан Космосбек Чолпонбаев суракка чакыртылган. Ал эми бүгүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы да суракка чакырганы маалым болду.

Айрым ЖМКлардын айтымында, Космосбек Чолпонбаев медициналык багыттагы буюмдарды чет өлкөлөргө саткан деп шектелүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости