www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү, социалдык тармактарда маркумдардын сөөгүн кабырга ыргытып жаткан видео тарап жатат. Бул чындыкка дал келбеген видео, Индия мамлекетинде тартылган, аны калк арасында «В городе Бишкек. Скрытая камера»,-деп таратып жаткан адамдар бар. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда ар бир сөөк шарият көрсөткөн тартип, урмат-сый менен жерге берилүүдө. Маркумду акыркы сапарга узатууда жакын туугандары катышып, жаназа окулуп, кырдаалга жараша сактык чараларын сактоо менен коюлууда.

Урматтуу мекендештер! Эгер фейк маалымат көрүп, бүдөмүк ойлор жаралса аны башкаларга бөлүшпөй, тийишттүү мамлекеттик органдардан тактаңыздар. Жалган маалыматты башкаларга таратуу менен адамдарга зыян келтирип, тынчсызданып жаткан бейтаптардын саламаттыгына олуттуу зыян алып келиши мүмкүн экенин  эсиңизден чыгарбаңыз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости