www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын арзандыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндө экинчи орунда турат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө күйүүчү майдын баасы 10 жана 15 пайызга өстү. Анткени Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды импорттоого көз каранды. Пандемия маалында мунайдын баасы 30 долларга жогорулады.
«Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын арзандыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндө экинчи орунда турат. Биринчи орунда Казакстан, анан Кыргызстан, Россия, Беларусь жана Армения турат. Үстүбүздөгү жылдын 4-мартына карата Аи-92 бензини Казакстанда 31,3 сомдон (1 литр), Кыргызстанда 41,5 сомдон турат. Эң кымбат Арменияда (60,9 сом). Ал эми Аи-95 бензини Казакстанда 36,3 сомдон (1 литр), Кыргызстанда 43,9 сомдон бааланууда», - дейт ал.
Сабиров Кыргызстанда жазгы талаа иштерине күйүүчү-майлоочу май жетиштүү деңгээлде экендигин белгиледи.
Эскерте кетсек, Кыргызстандан мунай продуктуларын ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салынган.
Булак: NazarNews.kg