www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Швейцариялык компаниялар орусиялык алтынды сатып алуудан расмий баш тартканына карабай, быйыл май айында өлкөгө 200 миллион долларга жакын 3 тоннадан ашык орусиялык алтын ташылып келинген. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги Швейцариянын Федералдык бажы башкармалыгынын маалыматына таянып билдирди.
Баалуу металл Улуу Британиядан келгени, бирок Орусияда өндүрүлгөнү белгиленген.
Бул жагдай өнөр жай рыногунда катуу ызы-чуу жаратты. Анткени Швейцарияда 7-марттан кийин казылган орус чийки затын соодагерлерге жана алтын иштетүүчү компанияларга сатып алууга тыюу салынган.
Бажы документтеринде алтын май айында Швейцарияга качан ташылып келгени көрсөтүлгөн эмес. Көптөгөн эксперттер Улуу Британияны транзиттик чекит катары колдонгон мындай схема чектөөлөрдү айланып өтүү үчүн колдонулушу мүмкүн деп күмөн санашат.
Булак: NazarNews.kg