www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев эмне үчүн кумарканаларды ачуу мыйзамына добуш бергенин түшүндүрдү. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

«Туугандар.

Менимче, ар бир саясатчы, өзгөчө жигиттик сапаты бар мырза, ар бир кылган ишине жоопкерчиликти алганды билиш керек. Кылган ишинен, чечиминен качпаш керек.

Кумаркана болсун дегендин колдогондугумдун себеби азыркы Кыргызстаныбыздын оор экономикалык акыбалы. Пенсия, маяналар көтөрүлдү... а бирок аларды дагы көтөрүш керек, элдин камын ойлош керек. Бизде же газ, же нефть болбосо...

Эн алгачкы талабым - Кыргызстандыктар кирбесин деген пикирим болду. Ошол мыйзамда бекитилген- кыргыз жарандары кирбейт.

Бул көрүнүштү кыргызда жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу деп коёт. Ал күнү мен болбодум, себеби жакын адамым ооруп чет жерде болдум, бирок жоопкерчиликти алып партиялашыма макулдугумду берип мен үчүн добуш берип кой дедим.

Саясатчынын жолу оор, татаал. Бирок кылган ишине жоопкерчиликти алуу керек.

Түшүнөм, билем, тепкилеңиздер, урушуңуздар, чыдайм, көтөрөм. Мен Кыргызстандын элинин, экономикасынын жакшылыгын ойлодум. Элдин жүгүн көтөрүш оңой эмес, оюнчук эмес.

Саясатчынын турмушунда кээде популярдуу эмес чечимдерди кабыл алууга туура келет. Бул дүйнөлүк практика. Бирок ошол чечимди татыктуу танып, жоопкерчиликти да алыш керек», - деп жазган депутат Алиев.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. 

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости