www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-июнга караган түнү саат 00:00дөр чамасында Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде Субару импреза унаасы менен кызды ала качышкан. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, кыз жардам сурап кайрылган, бирок аны эки жигит күч менен унаага сүйрөп салып кетишкен.

"Кызга жардам берүү үчүн чуркап баргычакты жигиттер качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Машина күмүш түстө, караңгы болгондуктан мамлекеттик номурун көрө алган жокпуз. Унаа Эркиндик бульвары менен ылдый түшүп, Жибек Жолу көчөсүнө бурулган", — дешти күбөлөр.

Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы багытталып, тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Последние новости