www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон өлкөсүнүн Түркия жана Финляндия менен кол коюлган үч тараптуу меморандумга ылайык иш кылганын жана муну президент Режеп Таййип Эрдоганга билдире турганын айтты.
Андерссон Чехиянын борбору Прагада өтүп жаткан Европа саясий шериктештигинин жыйынынын кире беришинде сөз сүйлөдү.
Журналисттердин президент Эрдоган менен жолугушуусу тууралуу суроосуна Андерссон мындай деди:
"Кандай жолугушуу болорун көрөбүз, бирок 28-июнда Испанияда өткөн НАТОнун жыйынынан кийин бизде келишим жана өз ара түшүнүшүү меморандуму бар. Ага ылайык мамиле кылып, иштеп жатабыз. Муну Эрдоганга билдиремин".
Булак: "trt.net.tr"