www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерсон "НАТОнун курамына Швеция менен Финляндия өз-өзүнчө кирүүсү эки өлкөнүн аскер кызматташтыгына доо кетирет", - деди.

Эки мамлекеттин бир убакта бул уюмга кирүүсүнүн "стратегиялык себептери" бар деди Кристерсон. Эки өлкө чогуу кирсе НАТОнун курамындагы "Түркия мамлекети үчүн да пайдалуу болот" деген премьер-министр "эгерде андай болбосо аймакка коркунуч жараларын" эскертти.

Швеция, Финляндия жана Түркия мамлекеттеринин ортосундагы үч тараптуу келишимди Швеция толук аткараарын жана терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө даярдыгын айтты Кристерсон. Бул үчүн өлкөдө атайын мыйзамдар иштелип чыкканын, ал турсун 1-январда Конституциясын жаңылагандыгын кошумчалады.

Буга чейин Финляндия коргоо министри Микко Савола "НАТОнун курамына Швециясыз деле кирет" деген оюн билдирген эле. Эки мамлекет НАТОго кирүү демилгесин 2022-жылдын май айында сунуш кылышкан. НАТОнун курамындагы өлкөлөрдүн баардыгы колдоп, Түркия менен Венгрия мамлекеттеринин колдоосу гана калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости