www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки революциянын бульдозери аталган, “атаман” Азимбек Бекназаров Элдик Курултай институтун Конституцияга киргизип, бийликтин эл алдында жоопкерчилигин күчөтүш керек деген идеяны алып чыккана эсиңиздеби?
Так ошол, Азимбек мырза КЭК менен БЭКти түзгөндөрдүн сап башында туруп, эки президенттин башын жеген. Эми болсо ТЭК деп түзүлгөн курултайдын өткөрүп башында туруп төрагалыкты аркалады.
Орозо айында тыптынч олтуруп калган Азимбек Анаркулович, дааватка чыгып келгенин биздин маалымат сайтка кабарлаган.
Бизге жеткен маалыматтарга караганда жакында эле Азимбек мырза башында турган топ, сьезд өткөрүп оппозициядан президенттикке талапкерин алып чыгат экен. Сьезди 30-июнга болжолдоп, акырын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кулагыбыз чалды.
Мүмкүн Азимбек Бекназаров өзү айткандай: “Эгер Курултай маселеси Чеч Дөбөдө чечилбесе, Чыр Дөбөдө чечилип калышы мүмкүн” , деп айткандай айткандай, бийликти сүзгөнү калды окшойт.
Эки жол турат, же ТЭК тебилет же бийлик...Баса, Азимбек Бекназаров президенттикке ат салышсамбы? – деген ойдо экен...
Булак: NazarNews.kg