www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФБга “Кудай, куран, Мухамбет бирден эле эмне үчүн ислам 108 агымга бөлүнөт” деп жазып себебин өзүм түшүндүргөм, белгилүү теолог К.Маликов ЖК “Кыргызстанда салафизм күчөп бара жатат” деген оюн, Британиялык чалгынчы-политолог Дж.Коллемандын “Комитет-300” деген китебинен арабдар тууралуу үзүндүсүн, Чубак ажынын 2-3 аял алуу тууралуу айканына өз пикиримди жазып барагыма,“Кыргыз Туусу”, “Улуттук Сезим”, “Мы за светский демократический Кыргызстан” тайпаларына койдум эле, ашынган динчилдер, мени мазакташты. Алардын арасында аялдар да бар. Ошентип 5 күндө 18 адамды блоктодум. Түшүндүм, булардын көөдөндөрү көөдөй караңгы экенин.
Мен жазгандарымды окуган китептерге таянып жазган элем. Дин тууралуу менде да кеңири түшүнүк бар. Бул китептер Мекеден келген Куран, арабча болсо да үйүмдө турат. Игнатий Крачковскийдин котормосунда орусча “Куран”, Раматлык Эрнис Турсунов Куранды кыргызча которгондо өзү телефон чалып, чакырып берген кыргызча “Куран”, “Инжил” (Евангелия) “Ислам энциклопендический словарь”, Ф. Панова менен Ю. Бахтиндин “Жизнь Мухаммеда” деген китеби. Өздүк китепканамда 30дан ашып философиялык баалуу китептер турат, бул эмгектерде дин тууралуу акылмандардын ойлору айтылган. Эми тигил “Инжилди” көрүп бирөөлөр кафир дээри сөзсүз! 
В. Гёте «Кто знает одну религию, не знает ни одной» деген акылман сөзү 2- кылымдан бери жашап келет.
Мазактагандарга анча капа болгонум жок, бирок, кыргыз элинин бир бөлүгүнүн караңгылыкка кирип кеткени капа кылууда. Айтор,“дүлөйгө салам айтсаң атаңдын башы” дегендей кеп болду.

Жолдршбек Токоев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости