www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов “Биринчи радиого” берген маегинде салыкчылар салык гана чогултарын, ал эми ошол чогулган каражатты эл өзү бөлүштүрөөрүн билдирди. 

- Биз салык төлөөчүлөргө маалымат жеткирип, жардам берип салык топтойбуз. Бирок акча биздин кампабызга келип түшпөйт, ал элдин казынасына түшөт. Быйыл 330 миллиард сом салык топтойбуз деген ниетибиз бар, бирок андан дагы ашып, 360 миллиард сомду чапчыйбыз го деп турабыз. Анан бул акчалар кайда кетет? Кээ бирлер айтышат: “Мен салык төлөп жатам, аны силер аласыңар” деп. Жок, бул акчаны эл бөлүштүрөт. Мисалы, Ат-Башыга мектеп, Ошко оорукана салалы, пенсияны көтөрөлү дешет. Бир жылдык элдин ырыскысын тең салмактуу өздөрү бөлүштүрүп алышат”, – деди Шыкмаматов. 

Ал белгилегендей, эл казынадагы каражатты бөлүштүрүү процессине Жогорку Кеңешке шайлаган өкүлдөрү аркылуу катышат. 

- Парламент бюджетти бекитет. Анын артында эл турат. Депутаттардын милдети элдин ырыскысын туура бөлүштүрүү жана ал туура ишке ашып жатабы, ошону көзөмөлдөө”, – деди Алмамбет Шыкмаматов.

Последние новости