www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары мандатынын мөөнөтүн дагы жарым жылга узартып алышты, деп эсептейт мурунку депутат Алмамбет Шыкмаматов.

Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттик шайлоону артка жылдыруу боюнча мыйзам долбоорду жактырды.

Бул мыйзам долбоор Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмүркулов, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов, Нурбек Алимбеков, Өмүрбек Бакиров тарабынан сунушталган.

Вице-спикер Мирлан Бакировдун айтымында, 83 депутат мыйзам долбоорду жактырган.

«Кечээ депутаттар саткынчылыкты көрсөтүштү. Тарых муну кечирбейт», - деди саясатчы.

Анын айтымы боюнча, Конституция менен Кыргызстандын эли парламенттин депутаттарын 5 жылга гана шайлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости