www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акциздик маркаларды даярдоо боюнча кызматты сатып алуу конкурсу 2-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Ведомстволор аралык конкурстук комиссия алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алуу конкурсуна табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтүн 2020-жылдын 2-ноябрында саат 15:00гө чейин узартты.

Мурунку белгиленген мөөнөттү (2020-жылдын 26-октябры) жылдыруу чечими конкурстун катышуучуларына жагымдуу жана бирдей шарттарды түзүү максатында кабыл алынган. Атап айтканда, компаниялардын бири коронавирус пандемиясына байланышкан чектөөлөрдөн улам акциздик маркалардын үлгүлөрүн жеткирүү кыйынчылыгына байланыштуу конкурска катышууга табыштамаларды кабыл алуунун мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылган.

Эске салсак, Мамлекеттик салык кызматы мурун алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга конкурс жарыялаган.

Конкурс мамлекеттик электрондук сатып алуулардын бир этаптуу эки пакеттүү ыкмасы менен өткөрүлөт.

Конкурска катышууга карата табыштамалар 2020-жылдын 2-ноябрында саат 15.00гө чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар порталында кабыл алынат.

Кошумча маалыматты мамлекеттик сатып алуулар www.zakupki.gov.kg сайтынан жана Бишкек ш., Чүй проспекти, 219, № 73 каб., тел.: (0312) 61-46-57; 61-18-12 аркылуу алууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости