www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын иштөө мөөнөтү 28-октябрда бүтөрүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, парламенттин мөөнөтү Конституцияда 5 жыл деп так көрсөтүлгөн. Андан бир да күн ашпашы керек. Элге өзүн-өзү дагы жарым жыл таңуулоо накта узурпация болуп эсептелет. 

Төмөндө Аида Салянованын сөзү эч өзгөртүүсүз берилет: 

"Урматтуу мекендештер!

Барыбыздын көз алдыбызда кыргыз тарыхынын жаңы барактары ачылып жатат. Тилекке каршы мактана турган, сыймыктана турган, келээрки муунга үлгү кылып калтыра турган барактар эмес.

Узурпация деген бул бийликти күч менен басып алуу, ашыкча функцияларды ыйгарып алуу же болбосо бийликтин мөөнөтүн өз билемдик менен узартып алуу дегенди түшүндүрөт. Парламенттин мөөнөтү Конституцияда 5 жыл деп так көрсөтүлгөн. Андан бир дагы күн ашпашы керек. Элге өзүн өзү дагы жарым жыл тануулоо бул накта узурпация.

Кеп айлыкта эмес, кеп мандатта. Эл берген мандаттын срогу 28 октябрда бутот. 29 нан баштап элдин атынан чечим чыгарууга силерде укук жок. Демек, конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр Баш мыйзамга каршы.

Бул жалпы мамлекеттин аброюна доо кетире турган кадам экени айтпаса да түшүнүктүү. Өз эли менен эсептешпеген бийлик, бөтөндүн ишеничине арзыйбы? Ушуга даай алгандарга тан калам.

Бул өтө кооптуу прецедент...

Кийин президенттин дагы иш мөөнөтүн ушундай узартып койсо боло берет экен деген күн келип калышы толук мүмкүн.

Жапаровдун колдоочулары жоопкерчиликке келгенде Сиздер жооп бербейсиздер. Аны чын дилиңер менен колдосоңор, тескерисинче, аны аяп, кооптуу нерседен алдын ала коргоп калбайсыздарбы! Мыйзамсыз нерсе кабыл алаарда, президенттер эч качан жоопкерчилик жөнүдө ойлогон эмес, алар түбөлүктүүбүз дешкен. Бирок андай болбоорун тарых бир нече жолу тастыктады.

Азыркы парламентти 5 жыл бою президенттер жакшы эле колдонуп келишти. Эми ал аз келгенсип, бизди дагы жарым жыл колдонуп алгыла деп макул болгонуңар өзүңөргө жийиркеничтүү эмеспи?

Легитимсиз парламент легитимдүү чечимдерди жарата албайт!" 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости