www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өтүкчүнүн өтүк тиккени жакшы» деген кеп бар эмеспи. Тикмечи бул саам  мамлекеттеги эң оор транспорт, жол министринен оолактады. Ансыз деле мурунку бийликтегилер өз ойлорун беришпей, ушул министрлик аркылуу Кыргызстанды кылт эткизбей карызга белчесинен батырып Жалал-Абад - Балыкчы алтернативдүү жолун курганга эле 846 млн доллар бекер корогон бул жолдун официалдуу аты Түштүк-Түндүк атаандаш автоунаа жолу. 2021-жылдын 10-августунда тикмечи кызыбыз Гүлмира Абдралиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу транспорт жана коммуникация министри кызматынан бошотулган. Мурдагы транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева деген тикмечи кызыбыз Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башчысы болуп дайындалды. Бул тикмечи кызыбыз бийликти айланып кетпес болду. Абдралиева 2021-жылдын февраль айынан бери министр кызматында иштеп келген, түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна тартылган каражат тууралуу маалымат берсек: Бул долбоордун баасы баш-аягы 937 миллион 500 миң доллар деп эсептелген. Анын ичинен 857 миллион 400 миң доллары насыя, 46 миллион 200 миң доллары грант. Бул каражат Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктарынан алынган. Кыргыз өкмөтү ага 33 миллион 700 миң доллар кошкон. Бул тууралуу түндүк-түштүк жолунун курулушун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда айтылган. Анда комиссиянын мүчөлөрү жолду куруу салыштырмалуу кымбат экенин, иш шашылыш башталып, көп чыгым кеткенин айтышкан.

Транспорт жана жолдор министрлиги коррупциянын очогуна айланганы көп жылдар бою айтылып келип, орун басары 500 миң долларлык пара менен кармалган маалда жемкорлуктун бети ачылганын билебиз. Ошондо моралдык жоопкерчиликти моюнга алып министр Ж.Калилов отставкага кеткени барыбызга маалым. Анан эле тармакта бир күн иштебеген Жанат Бейшеновду таап чыгышып, жемкорлукту жоёт деген ишеним менен жетекчиликке дайындашкан. «Калк айтса калп айтпайт» дегендей, элге жүзүн көрсөтөрү менен «бул Бейшеновдун өңү-түсү, кебете-кешпири, дегеле турган турпаты менен коррупция жыттанат экен» дешкен. Айтылган кептер чын чыгып, жолдор министрлигиндеги коррупция мурдагыдан бешбетер былгып жатып калган. Чекеден камалышты. Орун басары Жеңишбек Ногойбаев министрликтеги кыңыр иштерди жабыш үчүн УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрүнө 10 миң доллар пара берип жатып кармалган. Ага улай агенттиктин башчысы Анарбек Бекмуратов да темир торго киргизилген. Бирок, Бейшеновдун бодурайган бети «бетон» экен, Калиловдой болуп отставкага кетпей жүрдү. Жемкорго жетекчилик жоопкерчилик тартат деген Президенттин сөзүн да көзгө илбеди. Колуңдан келгенин кыл дегендей эле отурчу. Өкүнүчтүүсү, 2020-жылы Бишкек-Ош автожолунда ири коррупциялык схема аныкталып, министрликтин 12 кызматкери кармалды. Алардын арасында «Сосновка», «Кара-Көл» тоннель бекеттеринин башчылары да тузакка түштү. Көп өтпөй, «Кыргыз темир жолу» иш-канасынын жакында эле кызматтан чегинген жетекчиси мыйзамсыз иштеринин жыйынтыгында камалды.

Айтор, Жанат Бейшенов келгенден бери факты менен кармалышып жемкорлук болуп көрбөгөндөй гүлдөгөн.. Тилекке каршы, «Алтын балыктын» образындагы Жанат мырза үн катпай отурчу. Демек, алар менен «табакташ» болгон.

Кыргызстандын сырткы карызынын көбү жол тармагына жумшалары талашсыз. Акча көп болгондуктанбы же башка себеби барбы, анысын биле албадык. Бирок, Жолдор жана транспорт министрлигине келген жетекчилер кол жоолуктай эле алмашып жатат. Себеби, эгемендүүлүк алгандан бери эң көп министр ушул тармакта алмашты. Жетекчилериби, орун басарлары ушунча сугалакпы?

Бири кытай компаниясынын жолтандабасын минип алса, бири Балыкчы-Корумду жолунан сугуна коюп, бирин президент орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалгандан кийин, "чык эшикке" деп иштен кетирди эле. Андан кийин кой оозунан чөп албаган, кыргызча такалып, какалып сүйлөгөн Жанат Бейшенов дайындалган. Бунусунун деле ишинин четин көрбөдүк.

Эми болсо дагы бир орун басары Жеңишбек Ногойбаев жана агенттиктин башчысы Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине 10 миң доллар өлчөмдө пара берип жатып колго түшүштү. Жолдор жана транспорт министрлигине Жанат Бейшеновду жаңыча кадам таштайт, бул тармакты гүлдөтөт деп апкелди эле... Ал азыр гүлдөтмөк турсун "эскичесинен" тармакты "урата" баштаптыр... Жол салып жаткан компанияларга ачыктан-ачык ортомчул болуп... 10 процентке отурат экен... Эгер сураганын бербесе бүттү дейт... Ошол себептен компаниялар Бейшеновго сураганын берип, министр мырза ой-да чардап жаткан чагы экен. Ушундай жагымсыз кадамдарынан "десятка" деген лакап атка да конуптур... "Десятка" мырза толугу менен процентиңди түшүрбөсөң да жок дегенде "тройка" болуп алсаң не болмок деймин да!

Кытайлык гараж башчысынын айлыгы 800 миң сом, мурдун балта кеспеген унаа министри Жанат Бейшеновдун улутташтары 8 миң сом алчу. Кыргызстанда кытайлык гараж башчысы 800 миң сом алат экен, кыргыздардын орточо айлыгы 8000 сом, андан да аз алат. Аудиттин эсептегенине караганда Бишкек—Кара-Балта жолунда иштеген гараж башчысынын айлыгы 800 миң сом же 11 миң 500 доллар, заправщиктин айлыгы 400 миң сом же 5700 доллар экен. Булардын көзөмөлүндө 10 эле машина бар. Эгер 2000-3000 сом айлык алган биздин техкызматкерлердин айлыгын санасак бир кытайдын алганын ОТУЗ-КЫРКка чукул жылда алат. Биздин кызматкерлер 30-40 жылда ыйлап-сыктап алганы кытайлык завгардын бир эле айлыгы экен. Кызыгы, муну билген унаа министри Жанат Бейшенов билсе да билмексен. Же ага бирдеме сугунтуп коюшканбы?

Гүлмира Абдралиева Жанат Бейшеновдун ордуна келген. Ош-Бишкек жолуна жамаачы салганга акылың жетпей жүрүп кғызматынан кол жууду. “Транспорт, жол министри Абдыралиева Гүлмира маалкатпай отставкага кетиңиз, жок дегенде Сосновкадан түшкөн бечералардын акчасына Ош-Бишкек жолуна жамаачы салганга акылың жетпейби? Чор тамандардын жашылча-жемиш ташып оокат кылган жеңил машинеси ремонттон башы чыкпай жатат",” деп журналисттер коколоп жүрүштү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

 

 

Последние новости