www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай лидери Си Цзиньпин дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн урматтоого чакырды. Мамлекет башчы Бангкокто өтүп жаткан Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтыгынын (АТЭС) форумунун алкагында сөз сүйлөп жатып билдирди, деп маалымдайт ТАСС.

«Биз коопсуздуктун жалпы, биргелешкен, туруктуу жана кызматташтык концепциясын катуу карманып, бардык өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сыйлап, башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпешибиз керек», - деди Кытай лидери.

Эске салсак, буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон эки тараптуу жолугушууда Си Цзиньпинди орус президенти Владимир Путинди Киев менен сүйлөшүү үстөлүнө кайтарууга чакырганы маалымдалган. Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясына карата Кытайдын позициясы салмактуу жана конструктивдүү болуп баратканы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости