www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай пандемия убагында 543 миллион тест жана 179 миллиард бет кап экспорттогон. Бул тууралуу өлкө төрагасы Си Цзиньпин үчүнчү Кытай эл аралык импорттук ЭКСПО иш-чарасынын ачылышында айткан деп жазат РИА Новости.

Ошондой эле Кытай лидери коронавирус пандемиясы бүтүндөй дүйнө эли үчүн зор сыноо болгонун белгилеген.

"Кытай эли эпидемияга каршы күрөштө көп күч жумшап, маанилүү стратегиялык жыйынтыктарды камсыздай алды. Кытай экономикасында турукташуу жана жакшыруу тенденциясы байкалууда. Ушул жылдын алгачкы үч кварталында экономикада оң өсүш камсыздалды, анын ичинде тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 0,7 пайызга, ал эми тышкы капиталды реалдуу пайдалануу 5,2 пайызга жогорулады. Бул көрүнүш дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүгө көмөктөшүүдө пайдалуу болду", — деген Си Цзиньпин.

Мындан сырткары, кытай эли пандемияга каршы күрөшүүдөгү тажрыйбасын башка өлкөлөр менен бөлүшүп келерин, эл аралык коомчулукка көмөк көрсөтүүдө болгон аракетин көргөнүн айтты.

Си Цзиньпин белгилегендей, 20-октябрга карата Кытай эпидемияга каршы күрөшүүдө 150 өлкөгө жана жети эл аралык уюмга жардам берген.

Буга кошо 179 миллиарддан ашык бет кап, 1,73 миллиард коргонуучу кийим жана 543 миллион тест экспорттогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости