www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын президенти Си Цзиньпин коммунисттик партиянын мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда өлкө «достордун чөйрөсүн кеңейтиши керек экенин» айтты. Бул тууралуу Би-би-си кытайлык Xinhua агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Си Цзиньпин партия мүчөлөрүнө Кытайдын «ишенимдүү, жагымдуу жана кадыр-барктуу» образын жаратууга чакырды.

Би-би-сиге маек берген талдоочулар бул «Кытай дипломатиялык саясатын өзгөртүшү мүмкүн экенинин» белгиси деп эсептешет.

Си Цзиньпин мындай билдирүүнү Батыш менен Кытайдын мамилеси начарлап кеткен маалда жасады. Эл аралык уюмдар жана батыш өлкөлөрү Бээжинди Шинжаңдагы уйгур, казак жана башка мусулмандарды түрмөгө жана лагерлерге камоого, Гонконгдогу демократиялык активисттерди кодулоого айыптап келет.

31-майда кытайлык лидер өз партия мүчөлөрүнө «Кытай досторун таап, биригип, мындан тышкары эл аралык пикир алышуу учурунда досторунун санын дайыма көбөйтүшү керек экенин» айткан.

Ал Кытай дүйнө элдери менен карым-катышка ачык, ишенимдүү тең салмактуу болушу керектигин да кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Си Цзиньпин Кытайды 2012-жылдан бери жетектейт. Эксперттер анын бийлиги авторитаризмдин күчөшүнө жол ачканын белгилешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости