www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Си Цзиньпин Макрон жана Шольц менен Украина маселесин талкуулады. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда,Си Цзиньпин Пекин убактысы боюнча шейшемби күнү түштөн кийин Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен видеосаммит өткөрүп, үч өлкөнүн лидерлери Украинадагы кырдаалды, Ирандын өзөктүк келишимин жана Кытайдын Евробиримдик менен кызматташтыгын талкуулашкан.
"Украинадагы азыркы кырдаал тынчсыздандырып жатат, Кытай Европа континентинде согуштун оту кайрадан тутанганына терең өкүнүчүн билдирет", - дейт Си Цзиньпин.
Белгилей кетсек, Украина-Орусия ортосундагы согуш 24-февраль күнү башталып, эки тарап тең чоң жоготууларга учуроодо. Ал эми, АКШ жана Батыштын мамлекеттери кан төгүүлөрдү токтотуу үчүн байма-бай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Булак: NazarNews.kg