www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көптөгөн адам бүгүн аялдарды эл аралык майрам менен куттуктап, гүл берип, бакыт каалайт, Украинада болсо согуш уланууда. Бириккен улуттардын маалыматына караганда, Украинада 400дөн ашык жайкын адам курман болду, алардын көбү – аялдар, отузга жакын жаш бала набыт кетти. Көптөгөн мектеп, маданий борбор, турак үйлөр талкаланды.
Украинага кол салуу – эркектер майрамынын эртеси, 24-февралда башталган. Генералдар майрамын белгилеп алып, кошуна мамлекетти басып алууга аскер жиберген. Согуш ылдам эле бүтөт деп пландалган жана 8-март менен ал генералдар – энелери менен аялдарын, карындаштары менен кыздарын кайрадан тынч абалда куттуктамак. Бүгүн деле алар куттуктагандыр, бирок кубаныч жок.
Миңдеген аскер майданда калып, көбүнүн денелери көмүлбөй жатат. Алардын энелери балдарынын ысымын өлгөндөрдүн же туткунга түшкөндөрдүн тизмесинен таба албай калышы мүмкүн, анткени бийлик канча адам жана ким курман болгонун ачык жарыялабайт. Украин тараптын айтымында болсо, кол салгандар арасынан 10 миңден ашык аскер каза тапты. Канчалаган эне менен аял үчүн бүгүнкү майрам көз-жаш менен коштолууда.