www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва менен мамилени бекемдөө жана өнүктүрүү Пекиндин стратегиялык тандоосу болуп эсептелет. Бул багыт өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон формалдуу эмес жолугушууда айтканын Кытайдын ТИМи билдирди.

Си Цзиньпин РФ президентинин чакыруусу менен 20-март күнү Москвага мамлекеттик сапар менен келди. Бул анын Кытайдын башчысы болуп шайлангандан кийинки чет өлкөгө жасаган биринчи сапары. Лидерлердин формалдуу эмес жолугушуусу дүйшөмбү күнү кечинде башталып төрт саатка созулду. Шейшембиде тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

“Эки ири коңшу мамлекет бири-бирин тышкы дипломатиядагы эң маанилүү өнөктөш катары карайт. Кытай ар качан көз карандысыз тышкы саясатын жүргүзүп келет. Россия менен мамилени бекемдеп өнүктүрүү — Кытайдын стратегиялык тандоосу”, — деди Си Цзиньпин.

Ал Кытай менен Россия дүйнөдөгү көп полярдуулукту, эл аралык мамилелерди демократизациялоону колдой турганын белгилеген. Си эки тарап тең түрдүү багыттар боюнча кызматташууну тереңдетип, БУУнун алкагында жана башка көп багыттуу аянттарда кызматташууну бекемдеши керектигин жана дүйнөдө тынчтык менен туруктуулуктун түркүгү болуу зарылдыгын кошумчалаган.

Последние новости