www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-сентябрда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумга куттуктоо катын жөнөттү. ул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.

Кытайдын төрагасынын катында, оопсуз, ыңгайлуу, жогорку эффективдүү, экологиялык жактан таза, экономикалык жактан үнөмдүү, инклюзивдик жана туруктуу транспорттук системаны түзүү жогорку сапаттагы социалдык-экономикалык өнүгүүнү колдоо жана жүргүнчүлөр үчүн жагымдуу саякат тажрыйбасы концепциясын ишке ашыруу үчүн маанилүү кадам болуп саналары жазылган.

“Кытай транспорт тармагындагы күчүн кеңейтүүнү тездетип жатат жана дүйнөгө өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн берип, глобалдык транспорттук кызматташтыкты илгерилетүүнү улантат”,- деп улантты Си Цзиньпин.

Ошондой эле ал, биргелешкен консультациялар, биргелешкен курулуш жана жалпы пайдалануу концепциясын карманып, Кытай туруктуу транспорттогу жетишкендиктер дүйнө жүзүндөгү адамдарга көбүрөөк пайда алып келүүсү үчүн дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен кызматташууга даяр экенин баса белигледи.

Си Цзиньпин белгилегендей, Кытай Глобалдык өнүгүү демилгесин ишке ашырууга, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга жана адамзаттын жалпы келечеги бар коомчулукту түзүүгө оң салым кошот.

Форумду Кытай Эл Республикасынын Транспорт министрлиги уюштурууда. Иш-чара дүйшөмбү күнү Пекинде “Туруктуу транспорт – глобалдык өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн биргелешип иштөө” темасынын алдында ачылды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости