www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Бишкекке Кара-Кече кенинен көмүрдү темир жол аркылуу жеткирүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда “Биринчи радионун” түз эфиринде мамлекеттик ишкананын директорунун орун басары Амантур Турсуниязов билдирди.

Анын айтымында, учурда Балыкчы шаарында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын кайра жүктөө базасы бар, анда керектөөчүлөр үчүн жакшы көмүр бар.

“Дагы бир-эки отун база ачалы деген ниетибиз бар, мунун аркасында көмүрдү темир жол менен жеткирүүгө шарт түзүлөт. Буюрса, көмүрдүн баасы автоунаа менен ташыганга караганда бир аз арзандайт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен келишим түздүк. Ишкана бул багытта иш алып барууда.Бул көмүрдүн кымбатташына жол бербөө үчүн зарыл”, - деди ал.

Турсуниязовдун айтымында, кыргызстандыктар мүмкүн болгон көмүр тартыштыгына тынчсызданбашы керек.

"Биз Бишкекке көмүрдү өз баасы менен чыгарып, жеткире алабыз. Бишкекте үч пункт, күйүүчү май кампаларын ачканы жатабыз, ал жерден сатып алса болот. Тактап кетейин: бирөөнү ачканбыз - Сыдыгалиев көчөсү, 7.  Ал дарекке 861 тонна көмүр жеткирилди. Ал эми азыр анын баасын жана кандай сатылаарын тактап жатабыз. Мэрия менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар көмүр сатуу үчүн дагы эки пункт ачууга кошумча жардам берүүнү убада кылышууда”, - деди ал.

Турсуниязов кошумчалагандай, сентябрь айында Бишкек ТЭЦине 15 миң тоннага жакын көмүр келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости