www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Си Цзиньпин Зеленский менен сүйлөшүүгө даяр

Кытайдын лидери Си Цзиньпин украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүгө даярдыгын айтты. Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрайымы 6-апрелде билдиргенин Рейтер агенттиги маалымдады. Ушул эле күнү Урсула фон дер Ляйен жана француз президенти Эммануэл Макрон Бээжинде Си Цзиньпин менен жолугушкан.

Макрондун айтымында, Батыш украин согушуна чекит коюу жана дүйнө державаларынын эки касташкан лагерге бөлүнүп калышын алдын алуу аракеттерине Кытайды тартыш керек.

Си Цзиньпин Москва менен Киев мүмкүн болушунча тезирээк тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүшөт деп үмүттөнөрүн айтты. Кытай лидери Бээжинди жаңжалды жөнгө салууда ыктымал арачы кылып көргөзүүгө арактетенгени менен, Батыш ал Орусияны колдойт деп санайт.

“Президент Сиден Зеленский менен сүйлөшүүгө даярдыгын угуу кызыктуу болду”, - деп айткан фон дер Ляйен анын сөздөрүн “позитивдүү” деп сыпаттады.

Маалыматка караганда, Кытай жетекчиси сүйлөшүү “ыңгайлуу шартта жана убакытта өтөрүн” кошумчалады.

Си Цзиньпин мартта орус президенти менен Москвада жолуккандан кийин Зеленский Кытайдын лидери менен кездешүү ниетин билдирип келатат.

Макрон менен фон дер Ляйенге чейин Бээжинге Германиянын канцлери жана Испаниянын өкмөт башчысы барып кетишкен.

Жакында Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррелдин Бээжинге аттанары маалым болду.

Талдоочулар европалыктарды биримдиктин ири соода өнөктөшү болгон Кытайдын Орусия менен жакындашуусу сарсанаа кылып жатканын айтышат. Алар Си Цзиньпинди Путинди согушта курал-жарак же каржылык жактан колдобоого көндүрүү аракетин көрүшүүдө.

21-мартта Кытай жана Орусиянын жетекчилери Москвада расмий жолугушкан. Анын жүрүшүндө Украина негизги талкууланган маселелердин арасында болчу. Ага чейин Бээжин согушту жөнгө салуу планын сунуш кылган. Бирок Батыш ал сунушту салкын кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости