www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын президенти Си Цзиньпин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен  телефондо сүйлөштү. Бул былтыр февралда Орусия Украинага кол салгандан берки  алгачкы сүйлөшүү.

Бээжин Киевге атайын өкүлүн жөнөтөт, ал жаатташкан тараптар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу “Синьхуа ” агенттиги билдирди.

Зеленский Твиттерде Си менен болгон сүйлөшүүнү “узак жана маңыздуу” деп атады. Анын басма сөз катчысы сүйлөшүү бир саатка созулганын белгиледи.

"Мен бул сүйлөшүү, ошондой эле Украинанын Кытайдагы элчисин дайындоо эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө чоң түрткү берет деп ишенем", - деди украин лидери.

Мартта, Си Москвага барар алдында америкалык Wall Street Journal гезити Кытай президенти Зеленский менен сүйлөшүүнү пландаганын жазган. Басылма бул Бээжиндин тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү ролун күчтөндүрүшү керек экенин белгилеген.

Февралда Кытай согушту токтотуу боюнча тынчтык планын жарыялаган. Бээжин ок атышууну токтотууну, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону жана гуманитардык кризисти жоюуну сунуштаган.

Бээжиндин Украинадагы согушту токтотууга чакырган документине бир катар эксперттер жана Батыш ишенбөөчүлүк менен карашкан. Алар Кытайдын Орусия менен бекемделип жаткан алакасын эске алганда Бээжин мунасага данакер боло аларынан күмөн санашкан.

Булак: NazarNews.kg

​​​​​​​

Последние новости