www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Синофарм вакцинасы менен эмдөөнү тезинен токтотуу керек. Себеп?

Венгрияда коронавируска каршы эмдөөдө колдонулуп жаткан Кытайдын өндүрүшүндөгү Синофарм вакцинасынын эффективдүүлүгү жок экендиги айтылууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жарандардын жана адистердин билдирүүсүнө таянуу менен жазышууда.

Андагы маалыматка караганда, бул вакцина менен эмделген жарандар анын эффективдүүлүгү дээрлик жокко эсе экендигин айтышууда. Эмдөөдөн өткөндөн кийин каза болгондор катталып, организмде коронавируска каршы антитело пайда болбогондугун жана кары-картаңдар үчүн бул вакцинанын эч кандай эффективдүүлүгү жок экендигин жарандар айтып чыгышты.

Бүгүнкү күндө Венгрияда 1 миллиондон ашуун жаран Синофарм вакцинасы менен эмделди жана аларда коронавируска каршы иммунитет пайда болгон эмес. Тескерисинче эмдөөдөн кийин илдет жуктуруп алгандар жана каза болгондор көп катталган. Иммунолог Эрнё Дуда бул вакцина менен эмдөө кары-картаңдарга карата эксперимент болгонун жана өкмөт көп адамдарды эмдөөдөн өткөрүүнү пландаган болушу мүмкүн деген божомолун айтып, бийликке нааразы болгон. Өлкө жарандары бийликтен аталган вакцина менен эмдөөнү тезинен токтотуусун талап кылып жатышкандыгы айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости