www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын четиндеги көп кабаттуу үйдө өрттөлгөн батир боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда АКИpressагенттигине Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Грибоедов көчөсүндөгү №16 көп кабаттуу үйдөгү батир өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат милицияга кечээ, 19-июлда саат 15:21де келип түшкөн. Жерине Ленин РИИБдин ыкчат тергөө тобу барып, көп кабаттуу үйдү курчоого алышкан жана жашоочуларды сыртка чыгарышкан.

Андан тышкары окуянын күбөсү өч алуу үчүн батирди өрттөп салганын айткан белгисиз жигитти видеого тартып алган.

Милициянын маалыматына караганда, өрт өчүргүчтөр бир сааттын ичинде өрттү чектөөгө алышкан. Кырсыктын кесепетинен каза болгон же жаракат алган адамдар жок.

Бул факт КЖБРга Жазык кодексинин 210-беренеси (Бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу) менен катталды жана тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Ошондой эле кайгуул кызматкерлери шектүүнү кармашты. Ал 1998-жылы туулган Д.Ч. экени белгилүү болду. Шектүү – өрт чыккан батирдин ээсинин тууганы.

Өрттөлгөн батирдин ээлери милицияга шектүүнүн үстүнөн арыз жазуудан баш тартышты.

Милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштирүүнү улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости