www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Москва облусундагы Апрелевка шаарында 20 чакты мигрант согушуп, анын жүрүшүндө ок дагы атылды. Бул тууралуу «ТАСС» басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме берүү менен билдирди.

«Апрелевкадагы көп кабаттуу үйдүн короосунда массалык мушташ болду. Алдын ала маалыматка караганда, ага Борбор Азиянын мигранттары катышкан. Мушташ учурунда бөтөлкө, таяк колдонушуп, ок чыгарышкан», - деп айтылат маалыматта.

Булактын айтымында, окуя 18-июлга караган түнү болгон. Мушташтын себеби такталууда.

Андан тышкары мушташтын кесепетинен бир нече унаа талкаланган. Полицияны жергиликтүү жашоочулар чакырышкан.

«Бул соңку жумадагы Москва облусундагы мигранттардын арасындагы үчүнчү мушташ», - деп белгиледи «ТАСС» басылмасы.

Буга чейин 13-июлга караган түнү Москва шаарынын "Кузьминка" метросунда 200 мигрант согушкан.

Андан тышкары 14-июлда Одинцово шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин мигранттары согушканы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости