www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Террордук уюм ДЕАШтын Айн ел Араб башкача айтканда Кобани аймагына кол салуусунан кийин чараны Түркияга баш калкалоодо тапкан сириялык күрттөр аймакта узун убакыттан бери кагылышуунун болбогондугуна карабастан террордук уюм ПЙДнин мамилесинен улам үйлөрүнө кайта албай жатат.

Сириянын Халеп шаарына караштуу Айн ел Араб аймагында кагылышуулардын күч алышы менен 2014 - жылы үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон 30 миң күрт Шанлыурфанын Суруч районунда өздөрү үчүн ал мезгилде даярдалган чатыр шаарда жашашууда.

Түркияга баш калкалаганда ДЕАШтын аймактан кетүүсү менен эң кыска убакытта үйлөрүнө кайтууну пландаган үй- бүлөлөр бул жолу да аймакты колго алган террордук уюм ПЙДнин мамилесинен улам өлкөлөрүнө бара албай жатышат.

Түркияда эң жакшы шарттарда жашагдарына карабастан мекенин сагынган сириялык күрттөр террордук уюмдардын мекендеринен чыгып кетишин каалашууда. Баш калкалоочулардан кээ бирлери Кобаниге кайтуудан коркуп жана тынчсызданып жатышкандарын, ал жердеги куралдуу күчтөргө ишенишпегендерин белгилешти.

Баш калкалоочулар Сирия калкы катары жерлеринин бөлүнүшүн каалашпагандарын билдиришти.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости