www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын саякат агенттиктери билдиргендей, 5-июлдан 30-августка чейин Ташкенттеги Ислам Каримов атындагы аэропорттон Тамчыдагы Ысык-Көл эл аралык аба майданына түз рейстер каттайт.

Diplomatic VIP and Travel Service компаниясынын маалыматына караганда, "Өзбекстан аба жолдору" шаршемби сайын 190 орундуу Боинг–757-231 учагы менен Ташкент–Тамчы–Ташкент каттамын аткарат. Учуу убактысы – бир саат 20 мүнөт. Барып-келүү жол киренин баасы 340 доллар.

Андан тышкары Сибирдин эң ири шаары Новосибирсктин "Толмачёво" аэропортунан Ысык-Көлгө авиакаттамдар ачылат. S7 airlines компаниясы шаршемби жана жума күндөрү 78 орундуу Эмбраер–170 учагы менен Новосибирск–Тамчы–Новосибирск каттамын аткарарын маалымдады. Учуу убактысы – эки саат 50 мүнөт.

Аны менен бирге салттуу болгон Астана–Тамчы–Астана, Алматы–Тамчы–Астана жана Шымкент–Тамчы–Шымкент эл аралык рейстери жанданары күтүлүүдө. Ал эми Ош–Тамчы–Ош авиакаттамы 30-июндан тарта 99 орундуу Бритиш Аэроспейс–146-200 учагы менен жума жана жекшемби күндөрү каттайт деп кабарланган. Үч жыл мурда токтогон Жалал-Абад–Тамчы–Жалал-Абад авиакаттамын жандандыруу да каралууда.

Учуу жадыбалдары июнда толугу менен бекитилип, билеттер сатыкка чыгаары күтүлүүдө.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости