www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириянын түндүк-чыгышындагы бир катар аймактарда холера оорусун алдын алуу үчүн массалык эмдөө иштери башталды. Анын максаты – кыска убакыттын ичинде дээрлик 400 миң адамды бул коркунучтуу ооруга каршы эмдөө. Бул тууралуу МИР 24 телеканалы билдирди.

Бардык курактагы жергиликтүү тургундарга вакцинанын оозеки дозасы берилет. Бул ишке алыскы аймактарда иштеген үч эмдөө борбору жана 57 көчмө эмдөө бригадасы катышууда. Жалпысынан жумушка 360тан ашык дарыгер жана медайым тартылган.

«Биздин ичүүчү суулардын көбүндө курттар жана микробдор бар. Азыр ушул нерседен улам пайда болгон холерага каршы эмдөө жүргүзүп жатабыз. Ал эми белгисиз булактардан келген цистерналардагы суу адамдарда ич өткөк, оору жана эпидемияларды пайда кылууда», - дейт Хасака шаарынын тургуну Абу Ибрахим.

Сириянын Саламаттыкты сактоо министрлиги холера оорусунун жайылышы тууралуу 1-сентябрда расмий жарыялады. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, өлкөдө бул оорудан 92 адам каза болуп, 35 миңден ашуун холера оорусу катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости