www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-декабрда жарандык активист Перизат Суранованын жактоочусу Жаныш Бараков анын абалы боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, абакта ачкачылык кармаган Суранованын абалы оорлошуп кетти.
"14-декабрда Перизат Суранова ачкачылык жарыялаганын расмий билдирген. 15-декабрда барып кабар алганымда ал кургак ачкачылык кармап жаткан. Ал эми кечээ мени жолугууга киргизишкен жок. Аны жолгушуу бөлмөсүнө алып келүүнү сурансам, керебетинен тура албайт деген жоопту беришти. Суранованын абалы кескин начарлап, кан басымы жогорулап жатат", - деди ал.
Эске салсак, Кемпир-Абад иши боюнча камалып, абакта саясий ачкачылык кармагандардын арасынан активист Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткени 18-декабрдын кечинде маалымдалган. Активист Айсулуу Кудайбердиева Фейсбуктагы баракчасына ачкачылык акциясынын бешинчи күнүндө Суранованын абалы оорлошконуна байланыштуу бир нече укук коргоочулар менен чогуу Бишкектеги №1 тергөө абагына барганын жазып чыккан. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова алардан кабар алып чыккан.
Булак: NazarNews.kg