www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз калкы сөз үчүн аттан түшүп берген. Өзүнүн баркында наркын бийик туткан. Мындай пикирин Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Кочкор-Ата жайлоосунда өткөн "Куттуу эл, урааным Манас" аталышындагы форум фестивалында Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.
--"Кыргызда хан бийлигинен нарк бийик турат, күчтүү турат деген сөз бар. Биздин наркыбыз бийик деп, кылым карытып келдик. 3 миң жыл жашаган кыргыз качан эле кандайдыр бир ойго, таасирге малынып келди эле? Ушул күнгө биз наркыбыз менен жетип келдик. Аксакалдарыбыз наркты айтып сакалдарын жайкалтып келишкен. Ак элечек энелерибиз элечектерин оронгондо биринчи оромун билимдүү, бирдиктүү бололу деп, экинчи оромун эркин бололу деп, үчүнчү оромун үстүбүздөн үркөр менен аркар кетпесин деп, төртүнчү ормону төбөбүз көккө жакындасын деп, бешинчи оромун бешиктен чыккан балдарыбыз хан болсун деп, алтынчы оромун тоо этектеген эл бололу деп ырымдап отуруп кырк оромго жеткирген. Элечек кыргыз айымдарынын, кыргыз байбичелеринин куралы болгон. Апаларыбыз кайкалатып элечегин ороп, наркыбызды ушул күнгө чейин сактап келе жатат. Анан кандай эле биз ушу заманда башка бир улуттардын таасирине кирип кетишибиз мүмкүн. Эмнеге башка улуттун кийимин кийгенге жол беребиз?
Эмнеге биз салтыбызга туура келбеген, антыбызга туура келбеген, дитибизге, дилибизге, тилибизге тетири келген агымдарга жол беришибиз керек? Мына ушундай учурда бир муштумдай биригишибиз керек. Кыргыз айтат, чындык муштумга биригип туулат деп. Чындыкты айтыш кыйын болот. Бул, жүрөгүндө жалы бар гана адам кашкайган чындыкты айтат.
Талааны таштап Таласты айт, баарын таштап Манасты айт дейт. Манастан бардык жоопту таба алабыз. Кийингенден баштап, мингенге чейин. Мына бүгүнкү улуттук форум расмий мамлекеттик саясаттын дал чокусу, дал өзү экенин баса белгиледи.
Биз башка бирөөлөрдү туурабай, даяр турган Манас атабыздын наркын уланталы. Касиеттүү Манасыбыз эсибизден чыкпай, элибиздин дитинде, дилинде болуп, өнүгөлүк. Калпактарыбызды кайкалата кийип, элечектерибизди ороп, эл-журтка айтып туруш керек. Салтыбызды, наркыбызды санариптештириш керек. Унчукпасак ушу бойдон жок болуп кетебиз. Бир дудук, нарк-насили жок элге айланып калабыз. Ушундай майрамдар өтүп турсун. Ооматтуу журт бололук", - деп сөзүн жыйынтыктады Касмамбетов.
Булак: NazarNews.kg