www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Centerra Gold» компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри Кыргызстандын элине кайрылуу кат жолдоду.

Анда аталган компания Кыргызстанга 3,4 миллиард АКШ долларынан ашуун инвестиция жумшап, айлана-чөйрөнү коргогон, коопсуздук шарттары эл аралык стандарттарга жооп берген алтын кенин 34 жылдан ашуун иштеткени жазылган.

«Кумтөр кенин басып алуу биз биригип курган нерселердин баардыгын жокко чыгаруучу жалган маалыматка жана жүйөсүз күнөөлөргө негизделген. Өкмөттүн негизсиз аракеттери миңдеген жогорку маяналуу иш орундарына, жүздөгөн кыргызстандык жабдуучулардын бизнесине коркунуч туудурат деп кооптонобуз», - деди Скотт Перри кайрылуусунда.

Перри кыргыз бийлиги менен кенди иштетүүнүн жолдорун ачык талкуулого даяр экенин кошумчалаган жана алардын мындай сунушун Бишкек четке кагып жатканы белгилеген.

Кыргызстан «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген. Канадалык компания бул эки тараптуу
келишимдерге каршы келери билдирген.

Эске салсак, 17-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

12-майда депутат Акылбек Жапаров канадалык компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. «Centerra Gold» мындай дооматтарды четке кагып келүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости