www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен бийликте мындан башка жол дагы, альтернатива дагы жок деп ойлойм – же биз коомду жана бийликти тазалап жатабыз, кандайдыр бир бийлик люстрациясын жүргүзүп жатабыз, же ага көнүп, макул болуп, жашай беребиз. Мындай пикирин саясат таануучу, КР мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев КР УКМК тарабынан жогорку даражалуу чиновниктердин кармалашы тууралуу оюн билдирген. 

Саясат таануучу коррупциянын деңгээли мындайларга токтоолук менен мамиле кылууга мүмкүн болбогон деңгээлге жеткен деп эсептейт. Ал алдыда экономика же дагы башка эмес, кыргыз мамлекеттүлүгү тургандыгын билдирди.

“Анткени коррупция бийликти жана мамлекеттин өзүн кошо жок кылып жибериши мүмкүн. Ошондуктан мен репресссиянын деңгээли коррупциянын деңгээлинен көз каранды деп айтып жатам. Эгер азыр репрессиялык чаралар үстөмдүк кылган болсо, анда коррупциянын деңгээли буга өбөлгө түзгөн”, - деди Акматалиев.

Коррупция менен күрөш жөнүндө айтып жатып, Акматалиев башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын мисал келтирип, аны ишке ашыруунун негизги кадамдары тууралуу айтты.

Алгач кармалгандардын күнөөлөрү тергөө менен далилденип, сотто ырасталышы керектигин белгиледи. Коррупция менен күрөш дагы эки бөлүктөн турат: биринчиси – алдын алуу, экинчиси – жазалоо же репрессиялоо.

Акматалиевдин пикиринде Кыргызстан азыркы учурда бийлик жазалоого басым койгон этапта турат. Саясат таануучунун айтымында, бул толугу менен мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени өлкөдө коррупция башкаруу ыкмасына айланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости