www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштады

Айдоочулар жол кире акысын көтөрүүнү талап кылууда.

Буга чейин Бишкек шаар башкармалыгы жол акыны көтөрүүгө байланыштуу маселени коомдук талкууга коюп, жол кирени көтөрүүгө байланыштуу үч вариант иштелип чыккан.

Биринчи вариант – азыркы бааны калтыруу, экинчиси – автобус, троллейбус баштаган муниципиалдык транспортто жүрүүнүн наркын 11 сом, маршруттук унаалардын жол акысын 15 сомго көтөрүү, үчүнчү вариант – автобуста 15, троллейбуста 11, маршруттук унааларга 19 сом төлөп жүрүү сунушталууда.

Жол кире акыркы жолу 2012-жылдын 1-майында көтөрүлгөн. 2021-жылдын январь айында Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти көтөрүү талабы менен акцияга чыккан. Алар талап аткарылбаса, иш таштай турганын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости