www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун, 1-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматчылары Эсентур Кубанычбеков, Бекзат Юлдашев жана Нурсултан Манасбек уулунун жакын туугандарын кабыл алып, төраганын резервдик фондунан 100 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү.

Жолугушууда маркумдардын мекен алдындагы парзын аткарууда көрсөткөн каармандыктары жана эрдиктери эч качан унутулбай тургандыгын айткан төрага Талант Мамытов: “Ушундай уулдарды тарбиялагандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем жана алар түбөлүккө улут сыймыгы болуп кала берет”, – деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости