www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүлүктүдө аскер кызматкерлерине жол коопсуздугу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы жыл майрамдарынын алдында Сүлүктү шаарында аскер кызматкерлерине жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чара уюштурулду.
Иш-чара Сүлүктү ШИИБи боюнча ЖКККнын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп, аскер кызматкерлерине жол эрежелерин сактоо, жол-транспорт кырсыктарынын негизги себептери жана аларды болтурбоо жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошону менен бирге айдоочулук маданиятты жогорулатуу маселелери да каралды.
Мындан сырткары, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, анын кесепеттери жана мыйзамдык жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кибер кылмыштуулук, интернет алдамчылыгы жана санариптик коопсуздук темаларына да токтолушту.
Иш-чара аскер кызматкерлеринин укуктук маданиятын жогорулатууга жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталды.