www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия ишемби күнү эки маанилүү эл аралык келишимди бекитип, мыйзамдарды Расмий гезитте жарыялап, күчүнө киргизди. Бул тууралуу трт билдирди.
Булардын биринчиси расмий аты “Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Гонконг Өзгөчө Административдик Аймагынын Өкмөтүнүн инвестицияларды өз ара илгерилетүү жана коргоо жөнүндө келишими” болгон Гонконг менен инвестицияларды коргоо боюнча келишим болду.
Келишимге алгач 2023-жылдын 1-июнунда Анкара шаарында, андан кийин 2023-жылдын 31-октябрында Гонконгдо кол коюлган.
Түркия ошондой эле улуттук юрисдикциядан тышкаркы аймактарда деңиз жашоосун коргоого жана туруктуу пайдаланууга багытталган Бириккен Улуттар Уюмунун деңиз биолотүрдүүлүгү боюнча келишимин бекитти.
2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йоркто кол коюлган "Бириккен Улуттар Уюмунун деңиз укугу боюнча конвенциясынын алкагында улуттук юрисдикциядан тышкаркы аймактардын деңиз биолотүрдүүлүгүн коргоо жана туруктуу пайдалануу боюнча макулдашуу" тиркелген билдирүүлөрү менен бирге кабыл алынды.
Эки келишим жарыялангандан кийин дароо күчүнө кирди.