www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 10–13-февраль күндөрү Баткен облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан «Экстремист», «Кибер кылмыш» жана «Лидер» аталышындагы ыкчам-профилактикалык рейддик иш-чаралардын алкагында Сүлүктү ШИИБдин ЭММКАК, КИТ жана ЖИИ бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кеңири түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул туралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаралардын жүрүшүндө Сүлүктү шаарынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринде мектеп рэкетчилигинин, зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында окуучулар арасында анонимдик тестирлөө уюштурулду. Мындай иш-аракеттер жаш өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдү өз убагында аныктоого жана аларды болтурбоого багытталган.
Ошондой эле Кош-Булак айылында жайгашкан «Мухаммед» медресесинде, КУУнун колледжинде жана башка билим берүү мекемелеринде студенттерге жана окуучуларга экстремизмдин, радикализмдин, кибер кылмыштуулуктун коом үчүн коркунучтары тууралуу кеңири маалымат берилди. Мындан сырткары аймакка келген дааватчылар менен да жолугушуулар өткөрүлүп, экстремисттик багыттагы аракеттер үчүн мыйзам чегинде каралган жоопкерчиликтер жана акыркы өзгөртүүлөр тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.