www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Карим Ханджеза түркиялык «Улуттук көз караштагы ислам коомчулугу (IGMG)» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү Мурат Илери жана Өзжан Кури менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда тараптар гуманитардык жардам көрсөтүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо, социалдык жана билим берүү тармагындагы долбоорлорду биргелешип аткаруу маселелери талкуулашты.

Төраганын орун басары калктын социалдык жактан аяр катмарын колдоого багытталган иш-аракеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, бул жаатта кызматташтыкты өнүктүрүү менен аймактарда пайдалуу долбоорлорду чогуу ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди. 

Өз кезегинде фонддун өкүлдөрү дагы өз ара кызматташтыкты бекемдөө калкка жардам көрсөтүүдө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгилешти.
 

Последние новости