www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өчүрүлгөн смартфон менен ага мурда ар кандай маяктар коюлган болсо гана аңдуу жүргүзүүгө болот. Бул тууралуу "Синергия" университетинин санарип экономика департаментинин директору Роман Солдатенков билдиргенин "Прайм" агенттиги жазды.
Ал телефондун иштебей калганын аныктоонун оңой жолун айттып берген.
"Өчүрүлгөн телефон эч кандай сигнал бербей калганын аны музыка чыгуучу колонкага, микрофонго же радионун жанына алып келип текшерүү керек. Приборлор жакын аралыктагы сигналдарды ала алгандыктан кандайдыр бир белги чыгат", — деген Солдатенков.
Эгерде смартфонго тыңшоочу каражат "жучок" жана байкоочу маяктар орнотулган болсо, анда ал аппараттын кубаттуулугу бат эле түгөнүп калат. Маселен, телефон оңдолгондон кийин анын энергиялык кубаты тез эле түгөнүп калса, анда уста смартфонду оңдоо менен кошо ага кандайдыр бир тыңшоочу же аңдуучу каражат койгон болушу мүмкүн. Бирок эгер телефон толук эмес, маал-маалы менен өчүрүлүп турса, анда ал аркылуу анын ээсинин кыймыл-аракетин аңдууга болот.
Булак: NazarNews.kg