www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турсунбек Акун: “Кыргызстанга саясий маданият керек”

“Кыргызстанга саясий маданият керек” дейт мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун 24.kg маалымат агенттигинде өткөн жыйында.

Анын айтымында, кыргыз саясатчыларына жетилгендик жетишпейт. Турсунбек Акун мыйзам бузуулар болгонун мойнуна алды, бирок байкоочулардын дээрлик бардыгы шайлоону тааныйт.

«Парламенттик жарыш пандемия учурунда оор шарттарда өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, төрт партия өттү. Жеңилгендер добуш берүүнүн жыйынтыгын таанып, саясий маданиятты көрсөтүшү керек деп эсептейм. Жеңүүчүлөрдү биринчилерден болуп алар куттукташ керек. Жетилген саясатчылар дал ушундай кылышат», – деп сунуш кылат ал.

БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан” парламентке шайланган. Бирок, бюллетендерди кол менен эсептегенден кийин жыйынтык өзгөрүшү мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости