www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Снукер Кыргызстанда

Кыргыз Снукер Федерациясынын башкы катчысы Шаирбек Маматокторовдун билдирүүсүнө караганда, Снукер боюнча Азия биринчилиги Кыргызстанда 5-июлга чейин болот. Мындай чоң чемпионат Кыргызстанда эле эмес, Орто Азия жана КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу өтүүдө. 25тен ашуун өлкө чакырдылды жана алардын 18и бүгүнкү күндө катталды.

«Биздин федерация мына 5 жылдан бери жасаган эмгегибиздин жакшы жыйынтыгы десек да болот. Азия биринчилигин Кыргызстанда өткөрүү боюнча маселе, былтыркы жылы Катар мамлекетинде Снукер жана Бильяр спортунун Эл аралык Федерациясынын (IBSF) 33- жыйынында каралып, добуш берүү менен оң тарабына чечилди. Андан кийин, IBSFтин президенти шейх Мубарак Аль Кхайарин Кыргызстанга келип, Өкмөт жана парламенттин өкүлдөрү менен жолугушту. Азыркы күндө, Дене тарбия жана спорт МамАгенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы, Шаардык спорт комитети жана Кыргыз Снукер Федерациясы уюштуруу иштери менен алек. Азия биринчилигинде Кыргызстандын атынан катышуучу 8 спортчунун төртөөсү аныкталды, алар: Мухаммед Каримберди уулу, Калысхан Саныналиев, Сыймык Ураимов жана Кубаныч Сагындыков. Калган орундар үчүн жакында квалификациялык оюндар өткөрүлөт» ,- дейт Шаирбек Маматокторов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости