www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Зиядин Жамалдинов биометрикалык паспорттон анын ээсинин улуту жөнүндөгү маалыматтын алынып салынышын туура эмес саясат экенин парламентте айтты. «Көп жарандар улутунун алынып салынганына нааразы. Эмне, улутубузду ачык жазгандан уялабызбы?» деген собол салды.

Депутат Өмүрбек Бабанов да жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортко байланыштуу түшүнүксүз суроолор эл арасында болуп жатканын баса белгиледи:

“Бүгүнкү күндө эл арасында бул паспорт кереги жок экен деген сөз тарап жатат. Бул паспорт иш жүзүндө кандай колдонулат, почтага барабы, милицияга барабы? ИИМ, прокуратура кантип идентификация кылат? Азыр паспортту берүүнү токтотуп туруш керек. Ал жалгыз гана шайлоодо колдонулбайт. Экинчиден, өкмөттүн жетекчиси эмнеге Каттоо кызматынын башчысын ушул күнгө чейин иштен кетирбейт? Менде башка ойлор пайда болуп жатат. Шайлоонун оюндары жүрүп жатат. Башка жетекчи иштей албайбы?»,-деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости