www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилге барган АКШнын президенти Жо Байден премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга: "Жаныңарда экенимди көрсөтүү үчүн жеке өзүм келдим", - деди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Жо Байден Газадагы Аль - Ахли баптист ооруканасына жасалган кол салуудан кийин Израилдин борбор шаары Тель - Авивге барды.
Байденди Бен Гурион аэропортунда Израилдин президенти Исаак Герцог жана Израилдин премьер - министри Нетаньяху тосуп алды.
АКШнын президенти Нетаньяху менен жолугушкандан мурда жасаган билдирүүсүндө:
"Хамас террористтери 1300 кишини өлтүрдү. Алар уурдаган балдардын эмнелерди жашагандыгын болжолдой албайм. АКШлыктар сиздер менен бирдей пикирде жана тынчсызданууда. Израиль бул кол салууларга жооп берди жана бул менин уюмча улантылышы керек, өзүңөрдү коргоо үчүн эмне керек болсо аткара алууңар керек. Мунун болушу үчүн бардык жардамды беребиз", - деди.
Оорукана кол салуусун да Израилдин жасабагандыгын айткан Байден: "Байкалгандай ооруканага жасалган кол салууну сиз (Израиль) эмес башка тарап жасаган. Бирок көбү ишенбейт. Хамаска күчүбүздү көрсөтүү абдан маанилүү. Эмне кыларыбызды көрөбүз. Бул жерде болум келди анткени бүткүл дүйнөнүн Израилдин жанында экендигибизди билишин каалаймын", - деп кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg